Мекен таануу – башталгыч класстар үчүн окуу предмети. Мекен таануу кенже мектеп окуучуларына курчап турган дүйнөнү илимий негизде таанытуучу, Ата Мекендин жаратылышын, элдин турмушун, салт-санааны окутуу менен эли-жерин сүйүүгө, Мекенин коргоого тарбиялоочу интегралдашкан предмет. Мекен таануу предметинин мазмуну табигый илимдер менен гуманитардык билимдердин айкашынан турат. Алып айтсак, анын мазмунунда астрономия, география, биология, химия, физика илиминин элементтери чагылдырылат. Гуманитардык билимдерден: тарых, адабият, этнография, культурологиянын маалыматтары бар. Мекен таануу курчап турган дүйнөнү таанытуу максатка ылайык төмөндөгү мазмундук багыттардан турат: Аалам. Жер – ааламдын бир бөлүгү. Жер бетиндеги жаратылыш. Кыргыз жери. Жаратылышты коргоо. Адамжаратылыш перзенти.
Адам – акылман.
Адам - өнөрлүү.
Адамдардын мамилеси.

Ата салты. Үй-бүлө, ата-эне, биздин айылдын (шаардын) эли, Республикабыздын эли. Дүйнө элдери. Достук жана ынтымак. Мазмуну класстар боюнча балдардын жаш өзгөчөлүгүнө ылайык бөлүштүрүлүп окуу программасында төмөндөгүчө жайгаштырылган: 1-класс «Мен жана айлана чөйрө».

2-класс «Биз жашаган жердин жаратылышы жана элдин турмушу».

3-класс «Республикамдын жаратылышы жана элдин турмушу».

4-класс «Аалам жана биз».

Атайын түзүлгөн программанын негизинде жазылуу менен, Мекен таануу окуу китеби:

1-класстын «Мен жана айлана чөйрө»,

2-класстыкы «Жаратылыш жана биз»,

3-класстыкы «Кыргыз жери – керемет»,

4-класстыкы Мекен таануу сабактарында элдик маданият, турмуштук билимдер кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004