Шейх Осман Нури Топбаш (түрк. Osman Nuri Topbaş; 21-январь 1942, Истанбул, Түркия) - Ханафий мазхабынын түрк аалымы, руханий насаатчы жана теолог. Бул Накшбандия-Мужадидия тарикасынын шейхтеринин алтын тизмегиндеги 36-руханий шилтемеси, Халидия бутагы.

Осман Нури Топбаш

Өмүр таржымалы түзөтүү

Эренкөй Зихни Паша мектебине башталгыч мектепти окуу менен катар, атайын мектептен Куран таалимин алган. Осман Нури Топбаш таалим алган бул окуу жай Осмон дөөлөтүнүн улуу соңку чынарларынан саналган М. Желаледдин Өктен, Махир Из сыяктуу устаттар, Батыштан билим алган Нуреддин Топчу сыяктуу ойчулдар таалим берген мыкты мектептердин бири болгон. Агасы, бир чети теңтушу саналган Абидин Топбаш экөө бул окуу жайды 1960-жылы аяктаган. Имам Хатип орто мектебин окуп жүргөн жылдарда М. Зекаи Конрапа, Яман Деде (Абдулкадин Кечеоглу), Ахмет Давутоглу, Махмуд Байрам, Али Рыза Сааман өңдүү дасыккан устаздардан жекече билим алган.

Ошондой эле түрк элинин көрүнүктүү жазуучусу, агартуу айдыңында эмгеги сиңген мамлекеттик ишмер, дүйнөлүк деңгээлдеги залкар ойчул Нежип Фазыл менен таанышат, анын сабактарына катышып, «Улуу Чыгыш» журналын жана анын чыгармаларын калтырбай окуйт. Нежип Фазылдын чөйрөсүнө жакындан аралашып, кеменгер, камкор максаттарына жана демилгелерине моралдык, материалдык жактан дем берет. Имам Хатип орто мектебин аяктаган соң соода-сатык жана өндүрүш тармагында бир топко дейре эмгектенет. 1962-жылы Сиирит-Тиллодо аскерлик кызмат өтөө менен катар, офицер катары окутуучу да болот. Ушундан тарта мугалим болууга жана жаштарга таалим үйрөтүп, жол көрсөтүүгө зор кызыгуу пайда болот. Аскерлик мөөнөтүн аяктаган соң кайрадан соода-сатык жана өндүрүшкө кайтат. Тынымсыз аракетти талап кылган өндүрүш жаатында жүрсө да илим жана кайрымдуулук иштеринен оолактап кетпейт. Агартуу тармагына өзүн арнап, жакындары жана санаалаш мекендештери менен акысыз билим берүүнүн келечектүү максаттарын жүзөгө ашырууга жапатырмак киришет. Максаттын бийиктигинен улам өзүнүн иш кеңсеси кайрымдуулук уюму жана фонд сыңары студенттерге стипендия, колунда жокторго жардам бере турган мекемеге айланат. Бара-бара ал мындай жигердүү аракеттерди кеңейтип, өзүнүн мусулмандык парзы катары өркүндөтүүгө бел байлайт. Чакан кеңседен башталган кайрымдуулуктар кеңейип олтуруп бүгүнкү Хүдайи фондунун курулушуна жол ачат.

Анын жана жакын тилектештеринин камкор сезимдери жана күжүрмөн аракеттеринин натыйжасында курулган фонд бүт дүйнөгө кучак жайып, бүгүнкү күндө түрк тилдүү мамлекеттер жана Африка баш болгон башка өлкөлөрдөн келген жаштарга материалдык жана рухий өңүттөн колдоо көрсөтүп, жаштардын заманбап шартта татыктуу билим алышына жардам берип келе жатат.

Осман Нури Топбаштын калеминен жаралган китептери дүйнөнүн 43 тилине которулган. Чыгаан жазуучу жана диний агартуучу Осман Нури Топбаш ар кайсы өлкөлөрдөн түшкөн сунуштардын жана чакыруулардын негизинде ошол өлкөлөргө барып конференция, семинарларды өткөрүп, асыл ой-пикирлерин бөлүшүп жана мунун баарын адамзатка кызмат кылуу ниетинде атуулдук жана мусулмандык парзы катары аткарып келет. Жазуучунун 43 тилге которулуп басылган китептерин төмөнкү желеден pdf форматында акысыз жүктөөгө болот: http://www.islamicpublishing.net Archived 2021-04-12 at the Wayback Machine

Кыргыз тилине которулуп басылган китептери түзөтүү

  • Ислам Ыйман Ибадат
  • Мээрим желаргысы
  • Теңдешсиз үлгүлүү инсан Азирети Мухаммед Мустафа
  • Пайгамбарлар тарыхы- 1
  • Пайгамбарлар тарыхы- 2
  • Пайгамбарлар тарыхы- 3
  • Пайгамбарлар тарыхы «Мухаммад Мустафа» Мекке доору - 4
  • Пайгамбарлар тарыхы «Мухаммад Мустафа» Медина доору- 5
  • Исламдын Изги Маданияты - 1
  • Исламдын Изги Маданияты - 2
  • Исламдын Изги Маданияты - 3
  • Исламдын Изги Маданияты - 4
  • Тасаввуф
  • Ажылык жана умра
  • Бакытка багыт

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

http://www.islamicpublishing.net Archived 2021-04-12 at the Wayback Machine http://www.osmannuritopbas.com