Осмо (лат. Isatis) – өсүмдүктөрдүн кайчы гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Бир же эки, кээде көп жылдык чөп. Сабагынын бийикт. 80 смге жетет. Тегиз жээктүү жалбырактары сабакка кезектешип жайгашкан. Майда сары гүлдөрү шыпыргы топ гүлдү түзөт. Мөмөсү саадакча. О-нун 60 түрү Евразияда, Кыргызстанда (Тянь-Шань, Ысык-Көл, Чүй тарапта) 3 түрү кездешет. Алар тоо этегинде, бөксө тоолордун нымдуу жерлерде өсөт. О-нун курамында кочкул көк боек (индиго) бар, кезегинде ноотуну боё үчүн кеңири колдонулган. Кийин индиго синтетикалык жол менен алынып, О. ал максат үчүн айдалбай калган. О-нун жалбырагын чыгыш элдери косметикалык каражат катары пайдаланышкан.

Isatis tinctoria.

Колдонулган адабияттар түзөтүү