ОСМОНАЛИЕВ КАЧКЫНБАЙ (1929–1996) Жазуучу Качкынбай Осмоналиев Жумгал районундагы Ак-Татыр айылында 1929-жылы 5 мартта туулган. Кыргыз Респупбликасынын жазуучусу. 1941-1945-жж. Чаек колхозунун фермасында эсепчи,ошол эле колхоздо бригадир болуп иштеген.
1953–1954-жж. КМУда окуп, үй-бүлөөлүк шартка байланыштуу окуусун уланта алган эмес.
1954-жылдан баштап «Кыргызстан пионери» гезитинин редакциясында, кийин «Ленинчил жаш» гезитинде Жалал-Абад облусу боюнча атайын кабарчы, “Жаш Ленинчи” жана “Чалкан” журналдарында иштеген. 1962-жылы Москвадагы М.Горький атындагы адабият институтунун алдындагы Жогорку курсту бүтүргөндөн кийин Кыргызстан Жазуучулар союзунун Нарын облусу боюнча адабий кеңешчиси болуп иштеген.
1957–1959-жж. Эл акыны Алымкул Үсөнбаевдин адабий катчысы болгон.
Качкынбай Осмоналиевдин биринчи аңгемелери 1956-жылы «Ала-Too” журналына басылып чыккан, ал эми биринчи китеби 1958-жылы «Азаптын тагы» деген ат менен басылып чыккан.
Качкынбай Осмоналиев 1959-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде



Азаптын тагы: Повесть жана аңгемелер.  Ф.: Кыргызмамбас, 1958.  166 б.

Канат: Аңгемелер.  Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1960.  95 б.

Турмуш сабагы: Повесть.  Ф.: Кыргызмамбас, 1961.  144 б.

Бетке айтаар: Аңгемелер.  Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1962.  72 б.

Самар: Аңгемелер жана повесттер.  Ф.: Кыргызмамбас, 1963.  208 б.

Уйкусуз түн: Повесть, аңгемелер жана очерктер.  Ф.: Кыргызстан, 1966.  213 б.

Эзелки кек: Повесть жана аңгемелер.  Ф.: Кыргызстан, 1969.  200 б.

Сөз ээлери: Очерк, аңгемелер.  Ф.: Мектеп, 1970.  80 б.

Күлүк: Аңгемелер.  Ф.: Мектеп, 1973.  92 б.

Повесттер жана аңгемелер.  Ф.: Кыргызстан, 1976.  298 б.

Эзелки кек: Повесттер жана аңгемелер.  Ф.: Кыргызстан, 1979.  464 б.

Көчмөндөр кагылышы: Роман.  Ф.: Кыргызстан, 1982.  328 б.

Ыйык жер: Роман, повесть, аңгеме. – Ф.: Кыргызстан, 1985.  428 б.

Түн жамынган акын – Ф.: Кыргызстан, 1989.

Орус тилинде

Пережитое: Повесть и рассказы.  Ф.: Киргизгосиздат, 1959.

Рассвет: Сборник стихов.  Ф.: Кыргызстан, 1978. - с. 68 -130.

Мой отец: Повести и рассказы.  Ф.: Кыргызстан, 1975. - 266 с.