Осмонов, Абдрай
Осмонов Абдырай (1939-ж. т, Жети-Өгүз району, Тилекмат айылы (мурдагы Шалба айылы — 18-ноябрь 2024)— сүрөтчү-живописчи. Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү (1991). Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери (1984)
Абдырай Осмонов
| |
Негизги маалымат | |
---|---|
Туулган датасы | |
Туулган жери | |
Өлгөн датасы | |
Өлкө | |
Сыйлыктары |
Кыргыз Республикасынын искусствого эмгек сиңирген ишмери (1984) |
1959-ж. Бишкек сүрөтчүлөр окуу жайын, 1965-ж. Ленинграддагы Репин атындагы сүрөтчүлөр академиясын бүткөн.
1965-жылдан Бишкектеги С. А. Чуйков атындагы мамлекеттик сүрөтчүлөр окуу жайында окутуучу. Ал тематикалык жанрдагы картиналар менен портрет тартат. Көп картиналары айыл турмушуна арналган.
Көргөзмөлөргө коюлган негизги картиналары: «Жаш эне», «Колхоз тою», «Мейманга», «Түшүм жыйноо», «Кырманда», «Түшүм» жана башка, М. Рыскуловдун, Сүймөнкул Чокморовдун жана башка ар кандай кесиптеги кишилердин портреттери да анын калемине таандык.
Кубада, Монголияда, Скандинавия өлкөлөрүндө, КМШ мамлекеттеринде жана республикада өткөрүлгөн көргөзмөлөргө катышкан.
КМШ көргөзмөсүндө коло медалга татыктуу болгон. Медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.