Остеодистрофия (остео... жанa дис­трофия)— зат алмашуу процессинин бузулушунан сөөктөрдүн айрым жерин өзгөртүүчү жанa деформациялоочу сөөк ткандарынын оорусу.

Дарттын оор түрүндө сөөк өзүнөн өзү бузулуп жок болот. Көбүнчө паратиреоид жана деформациялоочу түрлөрү кездешет. Паратиреоид Остеодистрофиясы калкан безинин жанындагы бездер шишип, анын гормон бөлүп чыгаруусу күчөгөндө кездешет, мында скелет сөөктөрүнүн көбү жапа чегет. Калкан безинин жа­нындагы бездеринин бир аз бөлүгүн кеспп таштоо менен дарыланат. Деформациялоочу Остеодистрофияда бир же бир нече сөөк бузулат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.