Отко киргизүү, төркүлөтүү

Бул бизге көбүнчө «келинди отко киргизүү» деген ат менен белгилүү. Анткени, жаңы келин кайнатасынын ага- туугандарынын, кошуна-колоӊдорунун, ымалалаштарынын үйүнө өз алдынча кирип бара албайт. Алар келинди отко кригизип чакырышат. Эшик-төрүн көргөзүп, өздөрүн тааныштырышат. Келин кайын энеси же жеңеси, күйөөсү менен келет. Ал үйгө жүгүнүп кирет. Келин төргө өтпөй ошол үйдүн келини катары ийменип чай куят, тамак-ашка жардамдашат. Үй ээси уул-келинге бата берип, идиш-аяк, көйнөк-көнчөк ыроолойт. Ошондой кийин гана келин ал үйгө тартынбай келип-кетип, аш-той сыяктуу учурларда өз үй-бүлөсү катары кызмат кылат. Акылдуу келиндер тез эле аларга алынат.
Келин келгенден кийин белгилүү убакыт өткөндө өзүнүн ата-энесиникине барышы төркүлөө деп аталат. Кыз төркүлөгөндө түз эле өзү кирип барбай, күйөөсү, кайната-кайненелери менен белгилүү ырым-жырымдарды жасап, шаан- шөкөт менен барат. Бул күйөө баланын отко кириши болот.

АдабиятОңдоо

  • Кадыров Ысмайыл. Кыргыз маданиятынан тамган тамчылар. –Б.: 2011. – 208 б.