Төркүлөө – салттуу үйлөнүү үлпөтүнүн корутунду баскычы. Күйөөгө чыккан кыз бир же эки жылдан кийин ата-энесиникине барган. 1-баруусу төркүлөө деп аталган, ага күн мурунтадан кам көрүшкөн. Күйөөгө чыккан кызды төркүнүнө кайын энеси, күйөөсү же алардын жакын туугандары алып барган. Кыз төркүнүндө бир нече күндөн бир нече айга, кээде бир жылга чейин туруп калган. Кызга ата-энеси кадырлуу конок катары сый көрсөтүп, аны үй-оокат жана чарбалык иштерге катыштырган эмес. Кетеринде кызга мал, оокаттан энчи беришкен.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.