Асанбек Оторбаев - 1925-1945

Кыскача өмүр баяны түзөтүү

Асанбек Оторбаев 1925-ж Кыргыз ССРинин Талас областынын Талас районундагы Чат-Базар айылында дыйкандын үй бүлөсүндө туулган.
Улуту кыргыз.
КПССтин мүчөсү.
1943-жылы январда 18 жаш курагында фронтко кеткен. Кенже сержант, пулеметчу.

Көрсөткөн эрдиги түзөтүү

Ленинград жана 1-украин фронтторунда салгылашкан. Немецтик-фашисттик баскынчыларга каршы салгылашууларда тайманбастыгы жана эрдиги менен көзгө көрүнгөн.
Даңктуу көп эрдик көрсөткөн, өрнөктүү жана эр жүрөк жоокер болгон.

Наамдары түзөтүү

Согуш жылдарында синирген күжүрмөн эмгеги үчүн Кызыл Жылдыз ордени жана "Эрдик үчүн" медалы менен сыйланган. 1945-жылы 10-апрелде А.Оторбаевге Советтер Союзунун Баатыры деген наам өлгөндөн кийин берилген.
Баатырдын эстелиги өзүнүн Мекенинде түбөлүккө калтырылган.
Чат-Базар орто мектебине анын ысымы коюлган, мектептин жанындагы паркка эр жүрөк жоокердин бюсту орнотулган.
Анын супасында: "Баатырга ыраазы болгон урпактарынан жан замандаштарынан" деген сөздөр жазылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • А. Иманкулов "Алардын эрдиги түбөлүккө жашайт" Фрунзе 1986