Охна өрөөнү (тажикче оби-хона — Охна суусу мол жер) Кадамжай районунун аймагында, Алай кырка тоо суусунун батыш бөлүгүнүн түндүк этегинде. Узундугу 35 км, туурасы 13 кмге чейин. Түндүгүнөн Катыраң-тоо, чыгышынан Пурапимтоо, батышынан Катыраңбашы, Шиметоо, түштүгүнөн Шыбалытоо, Кардаган, Курсала тоолору менен чектешет. Өрөөндүн таманы деңиз деңгээлинен 1250 — 1600 метр бийиктикте жайгашып, чыгышты карай жантайыңкы. Түндүк жагындагы тоолордун капталдары тигирээк, түштүгүндөгүлөрүнүкү жантайыңкы, капчыгайлар бар. Климаты негизинен континенталдык, январдын ортосунда температурасы —3 .—10°С, июлдуку 15– 20 °С. Ири суусу Охна жана анын куймасы Пешкаут. Өрөөндө талаа (бетеге, түркстан ыраңы ж ана башка. б .) жана кургак талаа (шыбак, баялыш ж. б.) ландшафттары басымдуу. Капталдарында арча өсөт. Дыйканчылык менен жайытка пайдаланылат. Өрөөндөн Орозбеков атындагы кыштак орун алган. Охна өрөөнү аркылуу автомобиль жолу өтөт.

Адабият түзөтүү

Кыргызстандын географиясы ISBN 9967-14-006-2