Павловдун физиологиялык окуусу
Павловдун физиологиялык окуусу - И. П. Павлов жанa анын окуучулары иштеп чыккан матер, физиол. окуу.
- Анын негизинде киши жанa айбанаттын жашоосу чөйрө менен карым-катнашта экени жөнүндө түшүнүк түзулгөн.
- Павловго чейин физиологдордун көбү организмдин иши — органдардын ишинин суммасы, ар бир органдын иши — анын клеткаларынын ишинин суммасы, ал эми ар-бир клетканын негизги касиеттери туруктуу, ошондуктан чөйрөнүн агенттерине болгон организмдин реакциясы анын орган жанa клеткалардын туруктуулугу менен мүнөздөлөт дешкен.
- Мындай метафиз. пикир физиол. изилдөөлөрдүн методикасын жанa алардын натыйжасын багыттаган.
- Павловго чейинки тамак сиңирүү физиологиясын изилдөө организмдин чөйрө менен байланышы жок абалда (наркоздо же борб. нерв системасынын жог. бөлүмдөрүн кесип алып таштаганда) өткөрүлүүчү. Мындай тажрыйбалар табиятта бирдиктүү организмдердин чейрө менен өз ара катнашынын мүнөздүү белгилерин жетишерлик көргөзө алган эмес.
- Организмдин кадимки абалында өтүүчү физиол. процесстерди билүүнү И. П. Павлов жанa анын окуучулары гана ишке ашырган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.