ПалембангИндонезиянын түштүгүндөгү шаар. Суматра аралында. Түштүк Суматра провинциясынын административдик борбору. Муси дарыясынын чатында жайгашкан порт (негизинен нефть ташылат). Калкы 1,5 млн (2010). Эл аралык аэропорту бар. Нефть промыселинин борбору. Нефть ажыратуу, табигый каучук, тамак-аш, текстиль, жыгаччылык, резина-техникалык өнөр-жай ишканалары жана кеме верфи иштейт. Университет бар. Курулуштары негизинен түркүктөргө (эстокада) жана кайыктарга салынган.

Палембанг.

Колдонулган адабияттар түзөтүү