Пальгов Николай Никитич (1889 -1970, Алматы) — советтик физ.

геог­раф, гляциолог. Казак ССР ИАнын акад. (1954-жылдан), теогр. илимд. доктору (1952), проф., Казак ССРинин илимге эмг. сиң. ишмери (1952), Ка­зак ССР ИАнын геогр. секторунун жетекчиси (194667), СССР геогр. коомунун ардактуу мүчөсү (1962- жылдан). Иле Ала-Тоосу, Жунгар Ала-Тоосу, Кунтей Ала-Too, Какшаал тизмеги ж. б. тоолордогу мөңгүлөрду изилдеген. Иле Ала-Тоосундагы мөңгу анын ысмы менен аталган.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.