Памир тилдери - инди- европа тилдеринин иран тил тобуна кирген жазмасыз текткш тилдер тобу. Буга шугнан-рушан тил тобу (шугнан-бажув, рушан-хуф, бартанг-орошор жана сарыкол тилдери), язгулем, ишкаким жана вахан тилдери кирет. Айрым илимпоздор мунжан тилин да кошот. Памир тилдери СССРге (Тажик ССРинин Тоолуу Бадакшан АОсу), Афганистан, Пакистан жана КЭРдин чектеш райондоруна таралган. Язгулем тили СССРге гана, ал эми мунжан тили Афганистан менен Пакистанга гана таралган. Шугнан-рушан тобундагы тилдерде кырк миӊдей, вахвн тилинде жыйырма миӊдей киши сүйлөйт. Советтик памирликтердин жазма тили-тажикче, Афганистандыгылардыкы- фарс-дариче, Пакистандагылардыкы-урдуча, Кытайдагылардыкы-уйгурча. Бул тилдердин фонетикалык системасы, лексикалык составы, грамматикалык түзүлүшү бири биринен кескин айырмалуу, алардын өкүлдөрү өз ара түшүнө албайт. Памир тилдеринин лексикалык кай бир өзгөчөлүктөрү кыргыз тилинин памир говоруна да өткөн.

Колдонулган адабият

түзөтүү
  • Пахалина Т.Н., «Памирские языки», Москва 1969;

«Языки народов СССР», т.1, Москва 1966.