ПанжТажикстан менен Афганстандын чек арасы аркылуу аккан дарыя, Аму-Дарыянын сол курамы. Узундугу 921 км, алабынын аянты 114 км2. Памир жана Вахан-Дарыя сууларынын кошулушунан түзүлүп, негизинен кууш өрөөн аркылуу агат. Негизги куймалары: Гунт, Бартанг, Язгулем, Ванч, Кызыл-Суу. Орточо чыгымы 1000 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Чатынан 118 кмге чейин кеме жүрөт. Панж дарыясынын өрөөнүнүн айрым бөлүктөрү аркылуу Дүйшөмбү – Хорог автомобиль жолу өтөт.

Панж.

Колдонулган адабияттар түзөтүү