Ваграм Папазянть

Папазянть, Ваграм Камерович‎»‎ барагынан багытталды)

Папазянть Ваграм Камерович [6(18).1888, Стамбул — 5. 6. 1968, Ленин­град] — армян совет актёру, СССР эл артисти (1956).

Сценалык билимди Италиядан (Венеция, Милан) алып, Э. Ду­зе, Э. Новелли, Э. Цаккони, Ж. Грассо ж. б. группасында ойногон. 1907— 22-ж. Стамбулдун армян театрында эмгектенген. 1922-жылдан Советтер Союзунда жашаган. 1922—53-ж. армян, орус труппаларында (Ереван, Тбили­си, Баку, Ленинград) иштеп, СССР- дин шаарларындч, ошондой эле Франция, Иран, Болгария, Ливанда гастролдо болгон. 1954-жылдан Еревандагы Г. Сундукян атындагы Армян театрырын актёру. Папазянтдын батыш европалык актёрдук мектептен алган таалими, аткаруучулук шыгы армян театр өнөрүнүн демократчыл салтына эриш-аркак келип, Отелло, Гамлет, Ромео, Макбет (У. Шекспир, «Отелло», «Гамлет», «Ромео-Жульетта», «Макбет») сыяктуу негизги ролдорду аткарууга мүмкүнчүлүк берген. Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.