Параиба (Paraiba) – Түштүк Америкадагы эки дарыянын аты.

  1. Париба-ду-Норти (Paraiba do Norte) – Бразилиянын түндүк чыгышындагы дарыя. Узундугу 450 км, алабынын аянты 19,7 миң км2. Борборема платосунан башталып, Атлантика океанына куят. Төмөнкү бөлүгүндө (Жуан-Песоа шаарына чейин) кеме жүрөт;
  2. Параиба-ду-Сул (Paraiba do Sul) - Бразилиянын түштүк-чыгышындагы дарыя. Узундугу 1060 км, алабынын аянты 60 миң км2. Бразилия бөксө тоосунан башталат жана аны аралай агып, Кампус шаарынын тушта Атлантика океанына куят. Орточо чыгымы 1000 м3/секдан ашык. Ортонку агымынын айрым бөлүктөрүндө жана төмөнкү агымында (250 /слгдей) кеме жүрөт. Илия-дус-Помус ГЭСи бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү