Версаль тынчтык договору (1783) Америка Кошмо Штаттары жанa анын союздаштары (Франция, Испания, Нидерланд) менен Улуу Британиянын ортосунда 1783-ж. 3-сентябрда Версаль шаарында түзүлгөн.

1775—1783-ж. Түндүк Америкадагы көз карандысыздык үчүн согуш АКШнын жеңиши менен аяктаган. 1782-ж. 30-ноябрда Улуу Британия менен АКШ түзгөн прелиминардык, б. а. алгачкы до­говор боюнча Улуу Британия АКШны суверендүү, көз карандысыз мамлекет деп таанып, чек араларын белгилеген.

1783-ж. 20-январда Улуу Брита­ния, Франция жанa Испания ортосун­да түзүлгөн прелиминардык договор Улуу Британияны Вест-Индиядагы Тобаго а-ып ж-a Африкадагы Сенегалды Францияга, ал эми Испанияга Жер Ортолук деңиздеги Менорка а-ын кайтарып берүүгө аргасыз кылган. Франция менен Англия согуш убагында Индиядагы басып алышкан жерлерин бири бирине кайтарып беришкен. 1783-ж. 2-сентябрда Улуу Британия менен Нидерланд ортосунда түзүлгөн прелиминардык тынчтык договоруна ылайык Улуу Британия Индиядагы голландалиялык факторияны—Негапатамды алган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.