Парцелляция (франц. pareelle - бөлүкчө) бирдиктүү синтаксистик түзүлүштүн, б.а., сүйлөмдүн кептик бөлүнүшүнүн ыкмасы, кепте сүйлөмдүн бир эмес, бир нече интонациялык маанилик бирдиктерге, фразаларга ажыроосу.

Мис., Ал боенуп алганда бир кыйла чырайлуу эле ээ? Бул сүйлөм бир фразалуу, тилдик инвариант кептик кырдаалда дал ушундай берилген, демек, сүйлөм да, фраза да бири-бирине дал келет. Ал эми бул сүйлөмдү төмөнкүдөй жайгаштыралы: "Ал бир кыйла чырайлуу эле ээ? Боенуп алганда". Мында парцеляциялык өзгөрүү бар. Түзүлүшү боюнча баштапкы модель (тилдик инвариант) өзгөрүүгө дуушар болду, б.а., тилдик инвариант экиге бөлүнөт, структуралык дал келишпестик сезилет. Экинчи фраза өз түзүлүшү жагынан да, көтөргөн жүгү, коммуникативдик максаты жагынан да өзгөчөлөнүп турат. Бул жерде негизги фраза жана парцеллят (боенуп алганда) интонациялык жагынан өзгөчө позицияда, бирок маани жагынан бир баяндоого биригип турат.

Коммуникативдик синтаксистик жактан Парцелляция кубулушун билдирүүнүн, баяндоонун мазмундук-маанилик бөлүгүн бөлүп көрсөтүүчү каражат катары түшүнүү керек. Ошондой эле Парцелляция кептик экспрессиянын каражаты да болуп саналат. Синтаксистик татаал структураларды кабыл алууну жеңилдетүү менен, Парцелляция текст түзүүнүн өзгөчө бир ыкмасы боло алат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4