Патернализм (латынче: paternus–атаныкы, атанын) – мамлекеттин ичинде өз жарандарына карата болгон мамилеси – алардын жашоо-турмушун ар тараптан коргоп, өнүктүрүүгө жасалган аракет. Эл аралык саясатта ири мамлекеттердин кээ бир артта калган өлкө, өз колониясы же кол алдындагы аймактарга жардам бериши Патернализм болуп саналат. Ошондой эле улуулардын кичүүлөргө (ылдыйкыларга), кол алдындагыларга камкордук кылышы, кичүүлөрдүн улууларга карата сый-урматы. Булардан тышкары кээ бир мамлекет, мекемелер тарабынан эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, адистерди сактап туруу, кырдаалды жөнгө салуу жана башкалар үчүн каралган кошумча жеңилдик, субсидия, сыйлыктар да патернализм деп аталат.