Патет Лао, Лаос мекенчилдик фронту (ЛМФ) (лаос. ປະເທດລາວ), которулганда "Лаос Мамлекети" ― 1950-1970 жылдардагы Лаостогу согуш-саясий ишмерчилердин жалпы аталышы Жана Лао Хаксат жаштар союзу, Лаос аялдарынын ассоциациясы, мекенчил профсоюздардын федерациясы, Лаос студенттеринин ассоциациясы сыяктуу прогрессчил жанa демократчыл топторду бириктирген массалык саясий уюм.

Патет Лао
Лаос Эл Боштондук Армиясы
Негизделген датасы

1950 — 1975

Башкы кеңсеси

Лаос Лаос

Идеологиясы

Коммунизм
Марксчылык-Ленинчылык
Солчул улутчулдук
Вьетнамчылык

Pathet Lao

ЛМФ Лаостун бирдиктүү улут фронтунун базасында түзүлгөн. 1-съезди (1956) программасын кабыл алып, анда «Эркин, тынч, бейтарап, демократиялуу, бирдиктүү жана гүлдөгөн Лаосту түзүүнү» белгилеген. Дүйнөнүн прогрессчил күчтөрүнүн колдоосу м-н Лаостун саясий абалы жөнгө салынган (196263).

ЛМФтин 2-съездинде (1964) империализмге карты күрөшүү, 3-съездинде (1968) лаос элинин бириккен фронтун ар тараптан чыңдоо, тынчтыкчыл, көз карандысыз, бейтарап Лаосту түзүү милдети коюлган.

ЛМФтин жетекчи күчү — Лаос элдик-революциячыл партиясы (ЛЭРП). ЛЭРПтин саясий багытын колдоп, ЛПФ элдик-демокр. революцияны жүзөгө ийгиликтүү ашыруу үчүн эл массасын мобилизациялоодо маанилүү роль ойноду. Мунун натыйжасында Лаос Элдик Демократия Республикасы түзүлдү (1975, дек.). ЛМФ эл аралык жанa улуттук, коомдук-саясий кеп уюмдар менен байланышта.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.