Пелопоннес согушу (б. з. ч. 431–404)

Пелопоннес согушу (б. з. ч. 431–404) – бүт Грекияны, Түштүк Италиядагы жана Сицилиядагы грек шаарларын камтыган грек полистери – Делос союзу менен Пелопоннес союзунун ортосундагы согуштук чыр-чатак. Пелопоннес согушу шарттуу үч мезгилге бөлүнөт: 1) Архидам согушу (431-421); 2) Сицилия согушу (420-413); 3) Декелей же Иония согушу (413-404). Грек-перс согушунан кийин грек полистеринин экономикалык турмушу жакшырып, соода абдан өнүккөн кезде ири соода борборлору – Афины менен Коринф жана Мегаранын ортосунда аттандаштык күчөгөн. Ага Грекияда үстөмдүккө жетишүүгө умтулган Спарта менен Афинынын саясий атаандаштыгы, алардын ортосундагы социалдык карама-каршылык кошумча болгон. Пелопоннес согушунун чыгышына Керкира, Потидея жана Мегарага байланыштуу үч кагылышуу шылтоо болгон. Керкиранын Коринфтен азат болушуна Афины жардам берген. Спарта да союздаштарына жардам берип, Афиныга аткарылбас талаптарды койгон. Ал жоопсуз калган сон, Спарта согуштун жүрүшүндө флот түзө коюп, жөө аскерлери менен Афинынын күчтүү деңиз флотун талкалаган. Архидам согушунда алгач афинылыктардын жолу болгону менен акырында Спарта аскер башчысы Брасил бир катар женишке жетишкен. Ал өлгөн соң (421) 50 жылдык мөөнөткө Никий тынчтыгы түзүлгөн. Бирок ал да согуш себептерин жоё албай, Алкивиад баштаган согушчандар Афинынын колдоосу менен Спартага каршы согуш ачып, анда афинылыктар катуу талкаланган. Кийинки согушта (406) Спартанын флот башчысы Лисандр Афины флотун кургакта да, деңизде да катуу кысымга алып, 404-ж. биротоло талкалаган. Узакка созулган согуштун айынан Грекия начарлап, бийлик Македонияга өткөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү