Перлит (фр. perleбермет) — айнек сымал, кычкыл составдуу жанар тоо теги.

Бөлөк-бөлөк чокмороктошкон, тегерек майда, кабыкчалар сыяк­туу түзүлүштө болуп, сындырганда алар ез алдынча бермет сымал жалтырак майда тоголокчо-шарчаларга ажырайт. Составынын басымдуу көпчүлүгүн Si02 (65—75%) ж-a А1г03 (10—15%) түзөт. Кошунду түрүндө Fe203, CaO, MgO, S03, R20 кездешет. Перлиттин кристалл торчолорунда 3—6% ке чейин байланышкан (конститу­ция) суу кездешкендиктен 850— 1200°Сге бат ысытканда көөп, көлөмүн 10—20 эсе чоңойтот. Перлит жеңил бетонду жанa жылуулук өткөрбөс буюмдарды жасоодо, айнек, нефть өнөр жайында колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.