Петров Георгий Иванович (18(31). 5. 1912-ж. т., Пинега, азыркы Архан­гельск - 13 май 1987) — механика боюнча сов. илимпоз, СССР ИАнын акад.

  • (1958; корр. мүчө, 1953), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1961).
  • Москва ун-тин бүткөндөн ки­йин (1935) ил. из. интернаттарда иштеген, 1965-жылдан СССР ИАнын Космосту изилдөө ин-тунда директор (1965— 73-ж.), 1973-жылдан бөлүм башчы.
  • Петровдун негизги эмгектери газ динамикасы жанa космос аэродинамикасы боюнча.
  • Толкундун илээшкектүү суюктукта таралышын, куюндуу катмардын туруктуулугун, ламинардык агымдын бөлүнүшүнүн физ. шартын изилдеген. Аба катмарын визуалдуу үйрөнүүдө оптикалык методду колдонгон.
  • СССР мамл. сыйл. лауреаты (1949).
  • Үч Ленин ордени, башка 2 ор­ден жанa медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.