ПинегаРоссия Федерациясындагы дарыя. Архангел облусунун аймагында, Түндүк Двинанын оң куймасы. Узундугу 779 км, алабынын аянты 42,6 миң км2. Көп бөлүгү кенен өрөөн аркылуу агат; төмөнкү агымында Кулой дарыясына жакындаган жеринде аны менен канал аркылуу туташат. Орточо чыгымы 412 м3/сек. Октябрдын 2-жарымынан майдын 1-жарымына чейин тоңот. Чатынан 658 кмге чейин кеме жүрөт. Сал агызылат. Оң жээгинде Пинега коругу уюштурулган. Ак деңиз-Кулой платосунун карсттык ландшафт, Орус түздүгүнүн тайга токою, Сибирь кызыл карагайынын массивдери (корабель токою) коргоого алынган.

Пинега
Мүнөздөмө
Узундугу 779 км
бассейндин аянты 42 600 км²
Суу чыгымы 412 м³/с
Суу агымы
Аягы Түндүк Двина
Жайгашкан орду
Өлкө  Орусия
Област Архангел облусу
ОМСР 03020300312103000034650

Колдонулган адабияттар түзөтүү