Печенов, Владимир Арсентьевич

Печенов Владимир Арсентьевич (1934-ж. т., Раздольный айлы, азыркы Ак-Суу району) — биолог, агроном, биология илимдеринин доктору (1973), профессор (1978). Кыргызстан УИАнын корреспондент мүчөсү (1993), Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиңирген ишмери (1993).

1958-ж. Кыргыз айыл чарба институтун бүтүргөн.
1956—59-ж. Н. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтунда комсомол комитетинин катчысы, 1959—61-ж. Кант районунда агроном.
1961—64-ж. айыл чарба институтунда аспирант.
1964-жылдан КМУнун өсүмдүк физиологиясы кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор, 1977—87-ж. биология факультетинин деканы, 1990-жылдан өсүмдүк физиологиясы кафедрасынын башчысы.

Печенов өсүмдүк физиологиясы боюнча көрүнүктүү илимпоз, анын жетекчилиги менен фабрикалык жана уруктук кант кызылчасынын, дан эгиндеринин жогорку түшүмдүүлүгүн алууга биологиялык илимий негиз иштелип чыккан жана өндүрүшкө бир катар сунуштар берилген, изилдөөнүн азыркы мезгилдеги эң жаны методдору иштелип чыккан жана бир катар приборлор конструкцияланган.

Печенов 1979-жылдан Кыргызстан УИАнын өсүмдүктөрдүн физиологиясы жана биохимиясы боюнча илимий советин жетектейт, 1988-жылдан өсүмдүк физиологдорунун республикалык коомунун президенти.
Анын жетекчилиги менен кафедрада илимий-окуу-методикалык «Фитофизиологиялык музей» жасалгаланган.
Эл агартуу отличниги. 108 илимий эмгектин (анын ичинде 4 монография, анын 2өө авторлош) автору.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.