Пигмент клеткалары, хроматофорлор — цитоплазмасында боёлгон заттар — пигменттер бар киши жана айбанат клеткалары.

Алар териге же айрым ички органга туз берет. Негизги типтери — меланоцит, меланофор, ксантофор жана гуанофорлор. Макрофагдар пигмент бүртүкчөлөрүн сиңиргендиктен Пигмент клеткаларына окшойт. Балыктар, жерде-сууда жашоочулар, сойлоочулар, куштар, сүт эмүүчүлөрдун тусу жана анын чөйрөгө жараша өзгөрүшү алардын терисиндеги, ка­нат же жүнүндөгү Пигмент клеткаларына байланыштуу. Ал организмдин түйүлдүк кезиндеги өөрчүу процессинде нерв топторунан пайда болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.