Пикир алышуу - саясий мамилелердин баштапкы учуру.

Пикир алышуу жеке - ортомчусуз жана аралыктык, оозеки, ошондой эле документтердин, жазуу тилинин ортомчулугунда болуп бөлүнөт. Пикир алышуу процессинде саясаттын ар кандай субъектилеринин ортосундагы жеке адамдардан мамлекеттерге чейин, коом ичинде жана анын бөлүктөрүндөгү (кичи топтор, лидерлердин коомдоштугунда, каршылаштар, уюмдар ортосунда), ар кандай кырдаалдагы - спонтандык (толпада, митингде), уюштурулган (ишке байланыштуу мамилелерде, саясий эмгек ишмердүүлүгүндө), лидер жана массанын ортосундагы (жыйналышта, көчө жүрүштөрүндө ж.б.), ошондой эле тышкы саясий ишмердүүлүктөгү (эл аралык Пикир алышуу) байланыштар ишке ашат.

Пикир алышуу - бийликтин баштапкы керектүү актысы. Ар кандай формадагы Пикир алышуу таасир этүүнү, алмашууну (ойлор, көз караштар, таасирлер ж.б. менен), макулдашууну же потенциалдуу же болбосо актуалдуу конфликтти билдирет.

Пикир алышуунун жеңилдиги, тыгыздыгы, активдүүлүгү коомдогу саясий мамилелерди, анын ачыктыгын, саясий жана жарандык маданиятты мүнөздөйт. Формалдуу жана формалдуу эмес Пикир алышуунун катышы коомдогу демократиянын абалына баа берүүгө шарттайт. Эл аралык Пикир алышуунун өнүгүүсү мамлекеттин эл аралык мамилелердеги салмагын, анын авторитет, активдүүлүгүн тастыктап турат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8