(Pixel- Пиксел) деп монитордун ар жандырылган чекит аталат. Чечилүү же монитордогу сүрөттөлүштүн ачыктыгы пикселдер санына байланыштуу, монитордо ар бир пиксел арасындагы аралык көрсөтүлөт. Пиксел арасындагы аралык чекиттер кадамы деп аталат. Пикселдер саны көп болуп, чекиттер кадамы кичирейген монитордун чечи-лүүсү жакшы болот, себеби көбүрөөк сандагы пикселдер көрсөтүлөт. Пикселдер экран чечилүүсүнүн стандарттуу бирдиги болуп саналат. Монитордо көрсөтүлгөн пикселдер саны экрандагы горизонтал жана вертикалдык пикселдердин саны менен туюнтулат, 640 (горизонтал пикселдер) х 480 (вертикал пикселдер) сыяктуу. Пикселдердин саны програм, видео кардтын адаптеринин мүмкүнчүлүгү жана түздөн-түз монитор менен аныкталат. Мониторлор жана видео кардтар адаптерлеринин сапаты жогорку стандарттагы графиктик дисплейди колдогону менен билинет. Азыркы учурда мо-ниторлор жана видео кардтар адаптерлери VGA (video graphics array) жана SVGA (super video graphics array) стандарттарын колдошот. VGA түзүлүштөрүнүн чечилүүсү 640х480 пикселдер саны менен аныкталат.SVGA түзүлүш-төрүнүн чечилүүсү 800х600 жана андан жогору болот. Графиктик жана башка тексттик эмес сүрөттөлүштөр үчүн жогорку чечилүүдөгү мониторлорду колдонушат. Жогорку чечилүүдөгү чагылдыруу сапаты фото сүрөткө эквиваленттүү болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү