Планетарий (Planetarium) — жылдыздуу асмандын, Күндүн, Айдын жана планеталардын сүрөттөлүштөрүн жарым сфера (жарым шар) формасындагы купол-экранга проекциялап көрсөтүүчү аппарат; астрономия, космонавтика жана Жер жөнүндөгү илим бонча лекциялар өтүлүүчү илимий-агартуу мекеме. Мындай лекцияларды өткөрүү учурунда жасалма жылдыздуу асмандын сүрөттөрүн демонстрациялап көрсөтүү коштолот.

Белград Планетарийи, Сербия.

Планетарийдин аппараты 1924-жылы Германияда, 1929-жылы Москвада ачылган. Планетарий аппаратыастрономия, космонавтика, геодезия, геофизика жана башка илимдин тармактары бонча лекцияларды окуганда пайдалануучу аппарат.

Планетарийде жылдыздарды, планеталарды гана көрбөстөн, Күндүн толук тутулуусун да байкоого болот. Мисалы, Москвада эң жакынкы Күндүн толук тутулуусу 2126-жылы 16-октябрда байкалат. Атайын проекторлордун жана куралдардын жардамы менен Күндүн, Айдын, Меркурий, Чолпон, Марс, Юпитер жана Сатурндун кыймылдарын, асман экваторун, эклиптиканы, асман меридианын жана башка асман сферасынын чекиттерин жана сызыктарын көрсөтүүгө болот. Көпчүлүк Планетарийлердин түрдүү астрономиялык кубулуштарды демонстрациялоочу телескоп жана башка куралдар менен жабдылган астрономиялык аянттары бар. Планетарийде окуучулар теориялык изилдөөлөрдү, байкоолорду жүргүзүүчү ийримдер иштейт.

Эскертүүлөрү түзөтүү

  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов

Тышкы шилтемелер түзөтүү

WPD (Worldwide Planetariums Database)