Полицитемия (байыркы грек тилинен πολυ- — «көп» + гистологиялык κύτος — «клетка» + αἷμα — кан) (эритроцитоз) — кан пайда кылуучу органдын өнөкөт оорусу.

Полицитемия менен ооруган кишинин териси

Себеби жана оорунун жүрүшү түзөтүү

Себеби белгисиз. Организм сууну көп жоготуп (мисалы, узакка ич өткөндө, кусканда, өтө тердегенде) кан коюуланганда жана башка учурларда байкалат. Полицитемия менен көбүнчө улгайгандар (40 — 60 жашта), чанда жаштар ооруйт. Лейкоздор тобуна кирет. Мында кандагы эритроцит көбөйөт, көк боор чоңоёт жана кемиктин активдүүлүгү күчөйт. Беттин, колдун жана буттун үстү кочкул кызыл тартат, бүйлөдөн, мурундан, карындан, жатындан кан агат. Четки кан тамырлар жабыркайт, артерия кан басымы жогорулап, нерв системасы бузулат.

Дарылоо түзөтүү

Дарылоодо кан агызылат, шишикке каршы дарылар берилет.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8