Поляк магнаттары - 17-кылымдын башында орус мамлекетиндеги таптык карама-каршылыктын күчөшүнөн пайдаланып, авантюрист Жалган Дмитрий I менен Жалган Дмитрий Пни колдоо аркылуу басып алуучулук ойлорун ишке ашырууга аракеттенишкен.

Бирок Жалган Дмитрий I тактыга отургандан кийин Речь Посполитага берген убадасын ар кандай шылтоолор менен аткарган эмес. Ал 1606-ж. май айында поляктарга каршы Москва көтөрүлүшүндө өлтүрүлүп, поляк феодалдарынын Россияга жасаган биринчи интервенциясы окуган чыкпай калган. Жалган Дмитрий II жана аны колдогон поляк шляхтары менен күрөштө Василий Шуйскийдин окмету аймактык жана саясий кээ бир жеңилдиктерди берүү шартында Швециядан жардам сураган.

1609-ж. орус аскери интервенттерге каршы элдик кыймылдын жардамы менен баскынчыларды бир топ жеңилиштерге учураткан. Бул поляк-литва мамлекетинин Россияга каршы ачык интервенцияга өтүшүнө шылтоо болгон. Алар Смоленскини курчоого (1609, сентябрь) алган.

1610-жылдын башында Жалган Дмитрий Инин Тушино лагери кулаган. Анда кызмат өтөгөн феодалдар 1610-ж. 4(14)-февралда Сигизмунд Шнүн баласы Владиславды орус падышасы деп таануу жана боярлардын бардык артыкчылыктарын сактоо жөнүндө келишим түзгөн.

1610-ж. 24-июнда орус окмотунун аскерлери швед жалданма аскерлеринин чыккынчылыгынан улам талкаланып, Шуйскийдин өкмөтү кулаган. Москвада жаңы өкмөт түзүлүп («Семибоярщина»), Владислав падыша деп таанылган жана поляк-литва аскери Москвага киргизилген. Орус мамлекетинин оор абалынан улам 1610-ж. Швеция да ачык агрессияга өткөн.

Шведдер жана поляк-литва баскынчылары орус жерлеринин көбүн ээлеген соң улуттук-боштондук кыймыл жогорулаган.

Москвада поляк феодалдарынын бийлик кылышынан, чет элдиктерди кууп чыгууга биринчи ыктыярдуу кошуун 1611-ж. түзүлүп, кайра жайында ички карама-каршы- льштын курчушунан тарпан кеткен. Ошол эле жылы сентябрда Нижний Новгороддо Минин жана Пожарскийдин жетекчилиги менен түзүлгөн экинчи элдик ыктыярдуу кошуун (ополчение) гана 1612-ж. октябрда Москваны бошоткон.

Өлкөдө мамлекеттик бийлик калыбына келгенден кийин интервенттер бир топ жылдар бою орус жерин көз каранды кылууга аракеттенген.

Поляк жана швед интервенциясы Швеция менен Столбово (1617), Польша менен Деулинск жарашуусун (1618) түзүү менен бүткөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.