Порто-НовоБенин Республикасынын борбору. Атлантика океанындагы Гвинея булуңунун жээгинде жайгашкан. Климаты экватордук, нымдуу жана ысык. Жылдык орточо жаан-чачыны 1600 мм. Эң ысык мезгили – январдын орточо температурасы 28°С, июлдуку 25°С. Калкы 259,0 миң (2010). Чоңдугу боюнча Бениндеги Котонудан кийинки 2-шаар. Порт.

Порто-Ново.

Шаар болжол менен 17-кылымда Ажаче деген ат менен негизделген. Кийинчерээк азыркыдай аталган. 1861-жылы англичандар басып алган. 1863-жылы Франциянын убактылуу, 1883-жылдан туруктуу протектораты. 1960-жылы Бенин көз каранды эместикке ээ болгондон анын борбору. Тамак-аш–татымал (пальма майы өндүрүлөт), пахта тазалоочу өнөр жай ишканасы иштейт. Нефть кеңи 1990-жылы ачылып, экспорттун негизин түзөт. Балык кармалып, беленделет. Институт, улуттук архив, этнографиялык музей жана Гран Марше д’Ажара мечити, базар бар. Жыл сайын эл аралык вуду фестивалы өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү