Потсдам конференциясы (1945)

Потсдам конференциясы (1945), Берлин конференциясы – СССР, АКШ жана Улуу Британия өкмөт башчылары 1945-жылдын 17-июлунан 2-августуна чейин Потсдамда өткөргөн конференция. Потсдам конференциясынын ишине тышкы иштер министрлери, аскер кеңешчилери жана эксперттер катышкан. Потсдам конференциясынын негизги маселеси Германияны демилитаризация кылуу (милитаризмден куткаруу), денацификация кылуу (нацизмден арылтуу) жана демократиялаштыруу болгон. Потсдам конференциясынын катышуучулары Германияга карата саясаттын негизги багыттары жөнүндө макулдашууга жетишкен. Крым конференциясынын (1945) чечимине ылайык Потсдам кеңешмеси Германияны толук куралсыздандыруу, куралдуу күчтөрү менен согуштук өнөр жайын жоюу, бардык фашисттик уюмдарды таркатуу чараларын белгилеген. Германия агрессиясынан жапа чеккен өлкөлөргө алар тарткан зыяндын жарым-жартылайын төлөө боюнча атайын келишимге кол коюлган. Потсдам конференциясында багынган Германияга убактысынча бийликти СССР, АКШ, Улуу Британия жана Франциянын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачылары жүргүзөрү макулдашылган. Конференцияда Польшанын жаңы чек арасы белгиленип, Советтер Союзуна Кёнигсберг шаары (1946-жылдан Калининград) жана ага чектеш райондор берилген. Анда Германия жана анын мурдагы союздаштары менен тынчтык келишим даярдоо үчүн Тышкы иштер министрлеринин кеңеши түзүлгөн. СССР, АКШ жана Улуу Британия Германиянын бардык флотторун тең бөлүп алууга, суу асты менен жүрүүчү кемелерди чөктүрүп жиберүүгө макулдашкан. Согуштун башкы кылмышкерлерин эл аралык аскер трибуналына берүү чечилген. Потсдам конференциясы жалпысынан согуштан кийинки абалды жөнгө салууга багытталган чечимдерди кабыл алган. Бирок батыш державалар анын чечимдеринен көп өтпөй баш тартышкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү