Преголя
Преголя – РФтин Калининград областындагы дарыя. Узундугу 187 км, алабынын аянты 15,5 миң км2. Анграпа жана Писса дарыясынын кошулушунан түзүлүп, Балтика деңизинин Висла булуңуна куят. Шлюз курулган. орточо чыгымы 90 м3/сек. Чатында Калининград шаары жайгашкан.
Преголя
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 187 км |
бассейндин аянты | 15 500 км² |
Суу чыгымы | 90 м³/с |
Суу агымы | |
Аягы | Балтика деңизи |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Орусия |
Област | Калининград облусу |
ОМСР | 01010000212104300009873 |
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9