Президенттик башкаруу

  • 1) Конституцияга ылайык өзүнчө алынган региондук администрациялык түзүлүштүн өзүн-өзү башкаруу институттарынын ишмердигинин токтотулушу жана башкарууну президент тарабынан дайындалган, ага баш ийип, отчет берип туруучу өкүлдөр тарабынан, акыркы каражаттар аркылуу ишке ашыруу;
  • 2) Конституцияда көрсөтүлгөндөй белгилүү бир мезгилге чейин демократиялык институттардын ишмердигин токтотууну өзүнө камтыган, бүткүл мамлекеттин аймагында мамлекет башчысы – президентке өзгөчө ыйгарым укуктарды берүү.

Эреже катары, президенттик башкаруу мамлекеттин кайсы бир районунун чегинде же мамлекеттин бүткүл аймагы боюнча саясий абалды турукташтыруу үчүн киргизилет. Кээде турукташтыруу шылтоосу менен президенттик башкаруу бир саясий топтордун позициясын бекемдөө, ал эми экинчилерин алсыратуу үчүн да пайдаланат. Саясий күчтөрдүн ачык каршылашуусун токтотуу үчүн, жаратылыштын, согуштун, эпидемиянын кырсыктарынын оор кесепеттерин тез арада жоюу үчүн, ж. б. учурларда президенттик башкаруу киргизилиши мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

"Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9 [[Category:Башкаруу формqwmnlkn re k r \ wer jir k jr m rmkldf rtgemkltjit nmjh ы]]