Преформизм (лат. praeformo - алдын ала түзөм) – организмдердин жыныс клеткаларында түйүлдүктүн өнүгүшүн аныктоочу жана организмди түзүүчү белгилердин материалдык түзүлүштөрү кармалат, -деген ойду билдирген окуу. Преформистик көзкараштар узак жылдар бою топтолгон. ХVIII к-га чейин, биол-да – түйүлдүк клеткаларында толук түзүлгөн түйүлдүк бар деген ой үстөмдүк кылып келген. ХVII к-дагы биринчи микроскопияны жүргүзгөндөр (Я. Свамердам, М. Мальпиги, А. Левенгук жана башка) оюу боюнча түйүлдүк жумуртка клеткасында (овизм) же уруктукта (анималькулизм) түзүлгөн абалында кармалат да, өөрчүү процессинде өлчөмдөрү гана чоңойот, -деген ойдо болушкан. Андан ары преформация жөнүндөгү окууну А. Галлер, Ш. Бонне, Л. Спалланцани жана башка улантышкан. ХVIII к-дын экинчи жарымынан баштап өөрчүүдөгү өзгөрүүлөр же бузулуулар, аталык жана энелик белгилердин тукум куугучтугу , кээ бир организмдердин регенерацияга жөндөмдүүлүгү жөнүндөгү маалыматтардын топтолушу менен организмдердин өөрчүшүндө кезектенүү менен жаңы белгилер пайда боло тургандыгы жөнүндөгү окуу басымдуулук кылган.

Jan Swammerdam, Miraculum naturae sive uteri muliebris fabrica, 1729

Колдонулган адабияттар түзөтүү