Приходько Мария Фёдоровна
Приходько Мария Фёдоровна (1909, Украина, Харьков областы, Алаксандровка айылы – 1983, Чүй областы, Сокулук району, Төмөнкү Чүй айылы) – кенаф өстүрүүчү, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1950). Эмгек жолун Ленинград шаарындагы Охно химиялык комбинатында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1943-жылдан Сокулук районундагы кенеп өстүрүүчү звенонун жумушчусу, 1946-жылдан звено башчысы болуп иштеген. 1946-жылы анын звеносу 20 га жердеги кенептин ар гектарынан 113,7 цден түшүм жыйнап алган. Ленин ордени менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9