Пропилейлер
Пропилейлер Афиныда – Акрополдун башкы кире бериши (биздин заманга чейинки 437–432, архитектор Мнесикл). Иония колонналары (ички) менен байланышып, түрдүү деңгээлде жайгашкан эки портиги (дорий) бар; Пропилейлердин түндүк тарабында Пинакотека жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9