Протопласт (гр. protos – биринчи, рlastos - пайда болгон, жасалган) - өсүмдүктөрдүн клетка чел кабыгы жок, ар кандай органоиддери бар цитоплазманы чектөөчү клетка мембранасына гана ээ клеткасы. Өсүмдүктөрдүн П-тары аларды клондоштуруу жана алардан бүтүн өсүмдүктөрдү калыбына келтирүү, клеткалык инженерияда (ар кандай түрлөргө тиешелүү П-тардын биригиши) колдонуу үчүн жасалма жол менен алынат. Микроорганизмдерде П-тар мутациялардын , кээ бир антибиотиктердин жана башка агенттердин таасиринин натыйжасында пайда болот. Микоплазмалар жана L-формасындагы бактериялар да П. болуп саналат, жана аларды изилдөө иштерин жүргүзүү максаттарында жасалма жол аркылуу алышат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү