Психологиялык согуш - Бул согуш курал жана күч колдонуу аркылуу болгон согуш (кандуу согуш) эмес.

Ал каршы тараптын көңүлүн чөктүрүп, маанайын түшүрүү, улуттук биримдикти бузуу, өлкөнүн тынчтыгын кетирүү, учурга байланыштуу саясий жана социалдык проблемаларды чыгаруу жолу менен кандайдыр бир максатты көздөгөн саясат жүргүзүү болуп саналат. Ошондой эле бул согуш түрү кансыз согуш же кандайдыр бир мамлекеттин кыжырына тийүү деп да аталат. Психологиялык согуштун негизги максаты - каршы тараптагы коомдун көз карашына таасир тийгизүү, ал өлкөнүн бийлигин колго алуу менен бул согушту жүргүзгөн мамлекеттин талаптарын калкка кабыл алдыруу жана ушуга окшогон максаттарды ишке ашыруу. Психологиялык согуштун эң маанилүү куралы пропаганда (үгүт иштери) жана цензура. Пропаганда бул активдүү курал, ал эми цензура болсо пассивдүү.

Пропаганданын түрдүү баскычтары бар. Алардын эң негизгиси узак мөөнөттүү болгон маданий моюн сундуруу жолу болуп саналат. Бул ыкмада ачык билдирбей туруп кандайдыр бир коомду маданий жактан таасирлендирүү жана коомдун башын айландырып, коомдук пикирде белгилүү темалардын орун алышын камсыз кылуу иштери жүргүзүлөт. Ушундайча психологиялык таасирлентүү кампаниясы жүргүзүлөт жана белгилүү бир чекке жеткенде коом маданий жаңылыктарга ыңгайлаштырылып, өз идеясын жайган мамлекеттин өкүмдөрүнө каршы баш көтөрбөс абалга келет. Ал эми ушундай ыкка көнгөн коомду каалаган тарапка багыттоо жана башкаруу (манипуляция) оңой болот. Кандайдыр бир өлкөгө же коомго, же болбосо маданиятка суктандыруу же тескерисинче жек көрсөтүү жолу аркылуу коомду бир тарапка багыттоо иш жүзүндө эң көп колдонулган ыкмалардан. Ал эми психологиялык согуштун башка баскычы кыска мөөнөттүү болгон жана тез аранын ичинде түзүлгөн пропагандалык кампаниялар болуп саналат. Бул учурда пропаганданы жайган негизги каражаттар катары басма сөз жана массалык маалымат каражаттары (радио, телевидение, кино) колдонулат. Ушундай ыкма менен кандайдыр бир тарапты мактоо же жамандоого багытталган кампаниялык иш-чаралар каршы тарапты бат эле колго алат жана коомдук пикирдин жаралышында да маанилүү роль ойнойт. Мындай кампаниялык иш-чараларды кандайдыр бир мамлекет каршы тарабын багындыруу үчүн колдоно алат. Ал эми каршы тарап да эгер бул иш-чараларды убагында байкап калса, ага каршы өз коомун коргоо үчүн коргоо кампанияларын жүргүзүүсү мүмкүн. Басма сөз коомго маалымат берип туруучу орган болуп саналат.

Бирок кээде ушак-айың журналистикасы жана оюн-зоок журналистикасы (желтая пресса) сыяктуу журналистиканын түрлөрү да бар. Булар аркылуу коомдук пикирди жаратуу жана коомго таасир берүү максатында жең ичинде ар кандай идеологияны чагылдырган материалдардын даярдалышы жана калкка сунушталышы мүмкүн. Ушундай жол менен да пропагандалык иш-чараларды жүргүзүүгө болот. Айрыкча кээ бир окуяларды позитивдүү же негативдүү түрдө апыртып жарыялоо да психологиялык согуштун ыкмаларынан. Ал эми цензура болсо пассивдүү курал. Мында кандайдыр бир мамлекет өзүнө каршы башка мамлекеттер тарабынан жүргүзүлгөн бузуучу жана мамлекеттин келечеги үчүн өзгөчө коркунучтуу пропагандалык иш-чаралардан коомун коргоону максат кылат жана ушул себептүү жергиликтүү басма сөз органдарынын кээ бир материалдарды жарыялоосуна цензура коёт.

Акыркы жылдарда психологиялык согушта жаңы курал катары бир өлкөнүн белгилүү инсандарын уурдап кетүү же ал өлкөгө тиешелүү учактарды барымтага алуу ыкмалары колдонулуп жүрөт. Бул ыкманы колдонуудагы негизги максат - коомдук пикирге таасир берүү жана кээ бир маселелерге коомдун көңүлүн буруу. Бирок куралдуу кол салуу аркылуу бул иштер жүргүзүлсө, анда ал куралдуу кагылышууларга жол ачуусу мүмкүн жана бул иштер акча өндүрүү максатында да жасалгандыктан, аны психологиялык согуштун куралы катары саноого болбойт. Негизинен, көпчүлүк мамлекеттер бул иштерге көп маани беришпейт жана алар улуттук саясий курал катары да бул иштерди жүргүзүүгө каршы. Психологиялык согуштун пропаганда аркылуу жүргүзүлүүсүнө кээ бир мамлекеттерде аябай көңүл бурулган. Мисалы, Гитлердин мезгилиндеги Германияда пропагандалык иштерди жүргүзүү үчүн атайын министрлик курулган болчу (Пропаганда Байкоосу). Бул министрликтин башында турган доктор Геббельс пропаганда тармагында белгилүү инсандардан болгон жана пропаганда менен коомдук байланыш теорияларында жаңылыктарды киргизген.

Кийинчерээк II Дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин 1947-жылы түзүлгөн Коминформ менен согушка чейин бар болгон Коминтерн уюмдары да эл аралык аренада коммунисттик аракеттердин кеңейүүсү үчүн жүргүзүлгөн психологиялык согуштун куралдары болгон. Учурда бардык эле өлкөлөрдөгү басма сөз органдары керектүү деңгээлде психологиялык согушту жүргүзүү жана бул тармакта даярдыктарды көрүү үчүн иш жүргүзүп келет. Айрыкча бардык өлкөлөрдөгү купуя кызматтардын негизги функциясы абалга жараша пропагандалык иштерди жүргүзүү жана каршы тараптан келген кыйратуучу пропагандалык иштерден коомду коргоо жана бул үчүн керектүү пландарды түзүү, пландардын ишке ашуусун көзөмөлдөө болуп саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9