Пуату
Пуату (фр. Poitou) – Франциянын батыш бөлүгүндөгү тарыхый область. Атлантика океанынын жээгине чейин созулуп жатат. Облустун аймагында Вандея, Вьенна, Дё-Севр департаменттери жайгашкан. Аянты 20 миң км2дей. Калкы 1 млндон ашык. Негизги шаары – Пуатье.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9