Рабат – биздин замандын 1-кылымында кен казуучулардын тургун жайы. Баткен районундагы рабат кыштагынын түштүк тарабында. Үч дөбөдөн турат. Үстүңкү катмарында калыңдыгы 1 метрдей шлак жатат. Тургун жайдан металл жана руда эритилүүчү имараттын калдыгы, металл эритилүүчү меш, ошондой эле металл куур жана карапалар табылган.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.