Равалпинди
Равалпинди – Пакистандагы шаар. Лех дарыясынын боюнда жайгашкан. Пенжаб провинциясында. Калкы 2,0 млн (2010; шаар айланасы жана Исламабад шаары менен агломерацияны түзөт; анда 3 млн). Текстиль, тамак-аш, химиялык, нефть ажыратуу, металл иштетүү өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Конституция боюнча 1962-жылы Пакистандын (Исламабад курулганга чейин) убактылуу борбору болгон. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктан эскерилет.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9