Радиочордон (станция) – 1) радио толкундар аркылуу маалымат берүүчү же кабылдоочу түзүлүштөрдүн комплекси. Радиостанция арналышына жараша радио бергич, радио кабылдагыч жана кабылдагыч бергич болуп бөлүнөт. Бергич радиостанциянын негизги түзүлүштөрү – радио бергич, антенна, аларды туташтыруучу фидер жана ток булагы. Кабылдагыч радиостанциянын негизги түзүлүштөрү: радио кабылдагыч, антенна, фидер жана ток булагы. Андан тышкары бергич радиостанциянын курамына берилүүчү маалымат жазылган нерседен (мисалы, магнит тасмасынан) үндү кайра уктуруучу түзүлүш, ал эми кабылдагыч радиостанциянын курамына кабыл алынуучу сигналды жазгыч же аларды кайра үнгө же жарык сүрөттөлүшүнө айландыруучу түзүлүш кирет. Радиостанция аткарган кызматы боюнча уктуруучу, радионавигациялык, көчмө, кыймылсыз ж. б. болуп бөлүнөт; 2) (аскердик) – радио байланыш менен камсыз кылуу үчүн техникалык каражат комплекси. Согуш же тынчтык учурунда аскер бөлүктөрү, курал-жарак, флот жана авиацияны башкарууда колдонулат. ААКтын күчтөрү, АДФ, танк бөлүктөрүндө негизги байланыш жана башкаруу (кээ бир учурда бирден-бир) каражаты болуп эсептелет. Радиостанция ылайыгына карата жанга алып жүрүү, кыймылдаткыч күчтөр аркылуу, самолёт-тук жана стационардык; радио толкундар боюнча абдан узун толкундуу жана узун толкундуу, орто толкундуу, кыска толкундуу; шарттуу белгилерди берүү боюнча телефондук, телеграфтык, телефон-телеграфтык; күч-кубаттуулугу боюнча кубаты аз (100 Втка. чейин), орто кубаттуу (1 кВтка чейин), күчтүү (1 кВттан жогору), өтө күчтүү (1 мВттан жогору) болуп бөлүнөт; 3) радио берүүлөрдү жүзөгө ашыруучу мекеме.

Колдонулган адабияттар түзөтүү