Разаков Талант Жаныбекович
ТАЛАНТ ЖАНЫБЕКОВИЧ РАЗАКОВ
Талант Разаков Сузак районуна караштуу Үч-Малай айылында 1955-жылы 9-сентябрда туулган.
1979-жылы Ломоносов атындагы МГУнун журналистика факультетин бүтүргөн.
1979-1981-жж. Кыргыз телекөрсөтүүсүндө редактор, 1981-жылдан аскердик кызматта полковник.
Чыгармаларын мектеп жашынан жарыялай баштаган. 1987-жылы биринчи аңгемелер жана повесттер жыйнагы «Ата» деген ат менен жарыкка чыккан.
Т.Разаков 1994-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.
ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ
Kыргыз тилинде
Ата: Аңгемелер жана повесть. Ф.: Кыргызстан, 1987. 106 б.
Ош коогалаңы: МККнын маалыматтары боюнча. Б.: Ренессанс, 1993. 111 б.
Турмуш сабактары: Публицистикалык макалалар, 250 б.