Бегентаева Раиса Медетбековна (1942-ж. т., Аламүдүн району, Төмөнкү Аларча айылы) - опера ырчысы (меццо-сопрано). Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1995).

  • 1959-64-ж. М. Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайынан вокалдык бөлүмүн бүтүргөн.
  • 1964-66-ж. Кыргыз улуттук А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында ырчы.
  • 1966-ж. билимин өркүндөтүү үчүн Алматы мамлекеттик искусство институтунун вокалдык бөлүмүнө кирип, бир эле мезгилде Курмангазы атындагы казак филармониясында ырчы болуп эмгектенген.
  • 1968-ж. Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтуна которулуп, аны 1972-ж. бүгүргөн.
  • 1972-жылдан Кыргыз улуттук А. Малдыбаев атындагы oпepa жана балет театрынын ырчысы.
  • 1984-ж. Москвада Чоң театрда композиторлор В. Власов, В. Ференин «Фрунзе» аттуу операсындагы башкы каармандардын бири Сабиранын партиясын, В. Власов, А. Малдыбаев, В. Ференин «Айчүрөгүнөн» Чачыкейдин, «Токтогулдан» Бурманын,

«Манастан» Оронгунун, К. Молдобасановдун «Саманчы жолунан»Толгонайдын, П. Чайковскийдин «Евгений Онегинен» нянянын, «Иолантадан» Мартанын, «Севильялык чачтарачтан» Бертанын, «Карганын маткесинен» графинянын ж. б., баш-аягы 40тан ашык ролдорду аткарган.

Дүйнөлүк, орус, кыргыз композиторлордун ырларын, романстарын да ырдайт. 1989-95-ж. опера жана балет театрынын студиясында педагог болуп иштеген. КМШ өлкөлөрүнүн шаарларында гастролдо болгон.

Орто Азия республикаларынын жана Казакстандын аткаруучу-музыканттарынын эл аралык конкурсунун лауреаты (1972). Медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.