Райнер Мария Рильке (нем. Rainer Maria Rilke, 4. 12. 1875, Прага - 29.12.1926, Швейцария,Валь-Мон санаторийи) - австриялык акын.

Райнер Мария Рильке
Туулгандагы ысымы:

Рене Карл Вильгельм Иоганн Йозеф Мария Рильке

Туулган датасы:

4 -декабрь 1875(1875-12-04)

Туулган жери:

Прага, Богемия, Австро-Венгрия

Өлгөн датасы:

29 -декабрь 1926(1926-12-29) (51 жаш)

Жарандыгы:

 Австро-Венгрия
 Австрия

Ишмердүүлүгү:

акын

Чыгармачылык жылдары:

18941925

Багыты:

модернизм

Дебют:

«Өмүр жана Ыр» (Leben und Lieder) (1894)

Кол тамгасы:

Кол тамгасы

Чыгармалары Уикитекада.

Өмүр баяны түзөтүү

Чиновниктин үй-бүлөсүнөн. Прага, Мюнхен, Берлин, Париж шаарларында, Швейцарияда жашаган. Прага, Мюнхен, Берлин университеттеринде окутан. Алгачкы ыр жыйнактарында декадент поэзиясына мүнөздүү темалар өнүктүрүлгөн («Турмуш жана ырлар», 1894; «Рождество алдында», 1898 ж. б.). 1899-1900-ж. Орусияда болуп, Л. Н. Толстой менен жолугушкан, орус адабиятынан таасир алган. Булар анын гуманисттик көз карашын өөрчүтүп, чыгармаларында капит. турмуш карама-каршылыктарын ачык сүрөттөшүнө мүмкүндүк түзгөн. 1918-ж. Германиядагы Ноябрь революциясын жактыруу менен тосун алып, көп узабай ага кайдыгер мамиле жасап калган. Турмушка филос. анализ кылуу аракети «Дуин элегияларынан» (1923), «Орфейге арналган сонеттеринен» (1923) айкын көрүнөт. Чыгармалары символизмге жакын болсо да, субъективдүү тенденциялардап алыс. Рилькенин адабий мурасы 20-кылымдагы искусствого, филос. ойго чоң таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.