Райондук билим берүү бөлүмдөрү

Райондук билим берүү бөлүмдөрү - (райБББ) – РайБББ тиешелүү райондогу билим берүүнү башкаруунун мамлекеттик органы катары билим берүү тармагын башкаруу органдарынын структурасына кирет.

РайБББ Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби тартылган, мамлекеттик жана официалдуу тилдерде жазылган мөөрү, атайын бланкы, банктык жана финансылык уюмдарда (мекемелерде) эсеби бар юридикалык жак болуп эсептелет.

РайБББ негизги маселелери болуп, райондун аймагында:

- жалпы орто, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү жаатындагы мамлекеттик саясатты жана билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу;

- орто билимдин жеткиликтүүлүгүн жана сапатын камсыз кылуу;

- билимдин мамлекеттик стандарттарынын аткарылышын, жергиликтүү шартка ылайык окуу планынын регионалдык компонентин иштеп чыгуу жана киргизүү;

- билим берүү мекемелерин кадр тарабынан камсыз кылуу жана материалдык-техникалык жактан камсыздалышына көмөк көрсөтүү;

- жалпы орто, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүү мекемелерди жетектөө жана алардын маселелери боюнча мамлекеттик жана өзүн-өзү башкаруу органдарынын, уюм-мекемелердин аракетин координациялоо;

-билим берүү тармагын информациялык, методикалык жана нормативдик жактан камсыз кылуу;

- билим берүү тармагынын рынок шартында эффективдүү өнүгүшүн камсыз кылуу жана райондун социалдык-экономикалык өсүшүнө көмөктөшүү. Жана башкалар РайБББны райондук мамлекеттик администрациянын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим жана маданият министрлиги тарабынан дайындалган башчы жетектейт. РайБББ аппаратынын кызматкерлери «мамлекеттик кызматчы» статусуна ээ.

Райондогу билим берүү тармагынын орчундуу маселелери райБББнин кеңешинде талкууланып, каралат. Республикадагы шаардык (Бишкек жана Ош шаарынан бөлөк) билим берүү бөлүмдөрү райБББ статусуна ээ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,