Рапкомова Райильда (1949) — химия илимдеринин кандидаты, К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин, биотехнология жана химия кафедрасынын доценти. 

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Рапкомова Райильда 1949 — жылы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Тош-Булак айылында туулган. Улуту кыргыз.   

  • 1966-жылы Сокулук районундагы Калинин атындагы орто мектепти аяктаган.
  • 1971-ж. Кыргыз мамлекеттик университеттин химия факультетин  бүтүргөн.
  • 1971-74-жж. Кыргыз Республикасынын Дыйканчылык илим изилдоо институтунун ага лаборанты.
  • 1974-1977-жж. күндүзгү окуу бөлүмүнүн аспиранты.
  • 1977-2001-жж. КР УИА Химия жана химиялык-технология институтунун илимий кызматкери.  
  • 2001-ж. химия илимдеринин кандидаты. Темасы: “Пиперазин сульфат, м-нитробензойкычкыл пиперазиндин жана эки валенттуу металлдардын туздарынын негизинде биологиялык пайдалуу бирикмелерди синтездоо жана алардын касиеттерин изилдоо”.
  • 2001- 2017жж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университетинин  биотехнология жана химия кафедрасынын доценти.

Илимий ишмердиги түзөтүү

Биологиялык активдуу бирикмелерди синтездоо, алардын структуралык формуласын аныктоо жана физкалык, химиялык, фармакологиялык касиеттерин  изилдоо.

Негизги илимий–методикалык эмгектери түзөтүү

  1. Алдын ала патент “ Койлордун мониезиоз ооруларын айыктыруу ыкмасы”№ 437, Бишкек, 28.12.2000 жыл. 
  2. Пиперазин сульфат жана м-нитробензойкычкыл пиперазин менен отмо металлдардын сульфаттарынын неизинде биологиялык активдуу бирикмелерди синтездоо жана касиеттерин изилдоо. Ж.Баласагын атындагыц КМУУ  Жарчысы -Б., 2003. –  серия 3. – 143-152 б.
  3. Суу жана суу системасындагы заттар. К.И.Скрябин ат.Кыргыз агрардык университетинин Жарчысы  -Б. -2009. -№1(12). – 179-183 б.

Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

  • 1972-ж. Мактоо баракчасы
  • 1973-ж. Мактоо баракчасы
  • 2015-ж. Ардак баракчасы